7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүн базарын ирээтке келтирүү иштери башталды

112

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы боюнча Муниципалдык инспекция Аламүдүн базарын ирээтке келтирүү иштерин баштады.

Муниципалдык инспекциянын жетекчиси Медербек Амангелдиев базардын директору менен биргеликте базардын аймагын кыдырып чыкты. Анын жүрүшүндө бир нече тартип бузуулар аныкталды, аларды жоюу зарыл:

— Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө техникаларынын өтүүсүн камсыздоо үчүн базар өтмөктөрүн мыйзамсыз соодадан бошотуу;
— Эстетикалык көрүнүштү бузган дарактарга орнотулган эсептегичтерди жана башка буюмдарды алып салуу;
— Жол тыгындарын болтурбоо жана транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу үчүн жеткирүүчүлөргө жүктөрдү түшүрүү шарттарын түзүү;
— Чарба субъекттерге арыктарды таштандыдан тазалоо, жакынкы аймактардын тазалыгын сактоону милдеттендирүү;
— Жөө адамдардын кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү үчүн тротуарлардан сырткы жарнамаларды жана товарларды алып салуу.

Башаламан соода жүргүзгөн соодагерлерге мыйзамсыз ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу эскертүүлөр берилди. Эгерде КРнын мыйзамдары бузулса, инспекция тарабынан “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протоколдор түзүлөт.

Белгилей кетсек, Муниципалдык инспекция Аламедин жана Орто-Сай базарларында нөөмөттө турат. Рейддер Бишкек шаарынын бардык базарларын жана соода объектилерин камтыйт.

113