Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, «Евразия» автономиялык коммерциялык эмес уюмунан белекке берилген 100 автобус алыскы аймактардагы мектептерге таратылды.
Улуттук инвестиция агенттигинен билдиргендей, автобустар бүгүнкү күндө мектептерде колдонулууда.
Белгилей кетсек, мектеп автобустары алыскы айылдардагы окуучуларды билим берүү мекемелерине жеткирүү үчүн колдонулат. Бул жетүүгө кыйын аймактарда жашаган балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жакшыртат.