7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүн районунда жаңы АвтоЦОН ачылды

644

Бүгүн, 12-августта Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы сектору ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ачылуу аземине «Унаа» мекемесинин директорунун орун басары Н.Ишеналиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү К.Жумагазиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган сектор жоголгон жана эскирген айдоочулук күбөлүктөрдү калыбына келтирүү, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо кызматтарын көрсөтөт.

Белгиленгендей, 2023-жылдын башынан бери «Унаа» мекемеси тарабынан республиканын аймактарында 4 жаңы сектор ачылган жана учурда жаңы бөлүмдөрдү ачуу максатында аймактарда талдоо жүргүзүлүүдө.

Сектор Аламүдүн районунун, Таш-Дөбө айылында, Больничная көч., 41 дарегинде жайгашкан.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

645