7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө тоноочулукка шектүү жаран кармалды

506

Аламүдүн районунда тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Билдирүүгө караганда, үстүбүздөгү жылдын май айында Аламүдүн РИИБге 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал өз кайрылуусунда, 2022-жылдын 23-май күнү кечки саат 23:00дөр чамасында, белгисиз адам тарабынан күч колдонуп телефонун тартып алып качып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1999-жылы туулган А.А. кармалган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде катталган.

Учурда ал адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

507