Талас шаардык кеңешинин Кыргызстан социал -демократиялык партиясынын мурдагы депутаты эки айга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ал “Алдамчылык” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында издөөгө алынган, натыйжада УКМК тарабынан кармалган.
Тактап айтканда, аталган депутат 2017-жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алганы аныкталган. Жыйынтыгында ал Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аталган депутатка 2021-жылдын 18-октябрына чейин УКМК тергөө камак жайында кармоо түрүндө баш коргоо чарасын карады.