7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Александар Лукашенко Садыр Жапаровду куттуктап, ийгиликтерди каалады

636

Беларусь Республикасынын президенти Александар Лукашенко президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Туулган күнүңүз менен чын дилден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Бүгүнкү күндө сиздин жетекчилигиңиздин алдында Кыргызстан динамикалуу өнүгүп, социалдык-экономикалык кайра куруулардын жолуна түшүп, эл аралык аренада тең салмактуу позицияны ээлеп, интеграциялык бирикмелерге төрагалык кылууну ийгиликтүү ишке ашырууда. Биздин мамлекеттердин ар тараптуу тилектештиги жана өз ара колдоосу бардык деңгээлдеги беларусь-кыргыз диалогун өнүктүрүүгө мындан ары да көмөктөшүп, заманбап чакырыктарга натыйжалуу каршы тура тургандыгына ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Александар Лукашенко Садыр Жапаровго бекем ден соолук, тынчтык, жакшылык, бардык пландарды жана милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууну каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637