7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери мэриянын көзөмөлүндө жүрүп жатат

152

Ош шаарынын Зымырык-Сай тилкесинде кечээ Ак-Буура–Араван каналы аркылуу сел түшүп, Сайдиев көчөсүндөгү бала бакчанын короосун жана ички чарбалык жолдун бир бөлүгүн суу каптады.

Ошондой эле 02KG798AHA мамлекеттик номурдагы Matiz үлгүсүндөгү унаа сел суусуна агып кеткен. Жергиликтүү тургундардын ыкчам аракети менен айдоочу аман-эсен куткарылып, унаа суудан чыгарылды. Жабыркагандар жок.

Учурда окуя болгон жерде Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасы менен тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Селдин кесепеттерин жоюуга КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 25 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 32 кызматкер, жалпысынан 57 адам тартылды.

Тазалоо жана калыбына келтирүү иштерине 4 Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 2 экскаватор жана 1 жүктөгүч техника ишке киргизилди.

Кырдаал Ош шаарынын мэриясынын толук көзөмөлүндө. Иштер аяктаганга чейин тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштейт.

 

153