7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каптагаев: Төрага “75тин катын” ачык түшүндүрүп бериптир, эми “абийир сотун” кандай кылабыз?

193

“Төрага “75тин катын” Жогорку Кеңеште ачык-айкын түшүндүрүп берди, алар албетте мыйзам алдында жооп беришет. Ал эми абийир сотун кандай кылабыз?”, — деп суроо калтырган Эмилбек Каптагаев фейсбук баракчасында.

“Мени ойлонтуп, толгонтуп, күнү-түнү кыжалат кылган маселе — бул Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин «75 тин каты» дегендин Жогорку Кеңешке кандайча келип, кандай кыймыл-аракеттер болгонун ачыктап айтып бергени болду…

Төрага көп нерсенин башын ачып, маселенин көп жагын айкындап коюптур. Анын айтканына ишенсек ошол «кайрылууну» даярдап, ошончо кишиге кол койдурууну уюштургандар АДАМКЕРЧИЛИККЕ ЖАТПАГАН жолго барышып, өздөрүнүн жашыруун, купуя пландарын ишке ашыруу үчүн канчалаган адамдардын (алардын арасында эл үчүн, мамлекет үчүн опол-тоодой кызмат өтөгөн инсандар дагы бар) кадырына доо кетиришкен, алардын өздөрүнө айтпай туруп сыртынан тон бычып өз кызыкчылыктарына бетсиздик менен пайдаланышкан турбайбы.

«Мамлекеттик төңкөрүш» даярдоо дегени далилденсе уюштуруучулар албетте МЫЙЗАМ алдында жоопко тартылат, жазасын алышат. Ал эми АБИЙИР СОТУН кандай кылабыз?

Мени түйшөлткөн суроо ушул болуп турат…”, — деп жазат ал.

194