7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аликбек Жекшенкулов: Ташиевдин сөзү – улуттун кызыкчылыгын көздөгөн аракет

639

Саясий илимдеринин доктору, профессор, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов:

Камчыбек Ташиевдин сөзү – улуттун кызыкчылыгын көздөгөн аракет

— Камчыбек Ташиев Тажикстандын куру дооматтарынан баш тарттырууга мажбур кыла турган тарыхый документ табылганын билдирди. Мындай билдирүү дипломатиялык негизден алып караганда, туура элеби? Бирок ошол эле убакта Тажикстан ар кандай билдирүүсүн ачык айтып келет, андайда эмнеге дипломатиялык алака эске алынбайт?

— Ар бир мамлекеттин тышкы саясаты ошол мамлекеттин, улуттун, элдин кызыкчылыгына таянган саясат болушу керек. Ар бир мамлекет өзүнүн позициясын ачык – айкын айтканга, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзүүгө укуктуу жана милдеттүү.

Камчыбек Ташиев Тажикстанга тиешелүү маалыматты коомчулукка бергени менин оюмча, туура болду. Айрымдар «минтип айтуу туура эмес болуп калды, чыгарбаш керек болчу» дегендей пикирлерин айтып жатышат. Бирок жалпы эл аралык мамилелердин тартиби боюнча мамлекеттин жетекчилиги өзгөчө тышкы саясатты жүргүзүүдө элдин колдоосун алышына зарыл. Камчыбек Ташиевдин сөзү – улуттун кызыкчылыгын көздөгөн аракет. Анын билдирүүсүндө тажик тарапкан эч кандай күнөөлөр коюлган жок, тарыхый документ гана факт катары айтылды. Чек ара маселеси боюнча эки тараптык комиссияга маалыматтар берилээрин айтты. Ошондуктан, бул жерде дүйнөлүк дипломатиялык тартипке караганда, катуу реакция берүүгө негизи жок болчу.

— Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги биздин элчиге нота тапшырганы айтылды, коңшу өлкөнүн тез реакция жасоосу эмнени билдирет?

— Мен ойлойм, бул жерде Тажикстандын ТИМи алдын ала өздөрүнүн бийлигинин позициясын билдирүүгө, же ички саясий оюндары себеп болуп мажбур болгондой көрүнөт. Ал өлкөдө да ички саясаты абдан татаалдашкан. Ар кандай саясий күчтөрү бар, кайсы бир кырдаал тез реакция жасоого түрткү болушу биз үчүн сырдуу. А бирок Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүндө нота тапшырууга жеткирчү негиз жок болчу.

— Бул нота Кыргызстанга кандай залакасын тийгизиши мүмкүн?

— Менин оюмча, ал нота залакасын тийгизе албайт. Биздин коомдо ар кандай карама каршы ой пикир айтылышы мүмкүн. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгына келгенде баарыбыз биригишибиз керек. Мындай ноталар өзгөчө курч жана маанилүү маселелерге келгенде алмашыла берет. Болгону биздин дипломаттар тезирээк реакция берип, четке кагышы керек эле.

Булак: sayasat.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

640