Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов: Ташиевдин билдирүүсү Тажикстандын БУУ трибунасындагы баяндамасына жооп болду.
— Бул маселени терең караш керек. Өзүңүздөр билесиздер, былтыр 16-сентябрда Тажикстандын аскерлери биздин жерге кирип келишип, канча деген жарандарыбыздан айрылдык, канчоосу жарадар болушту, өз жеринен өздөрү качкын болушту, кичинекей кызыбыз каза тапты. Ал окуядан он чакты күн өтпөй, коңшу мамлекеттин тышкы иштер министри БУУнун трибунасында доклад жасап, «агрессия кылган эмеспиз, биз башка элдин жерин басып алган жокпуз, өзүбүздүн жерибизге кирип бардык» деп, 210 миң гектар жерди Тажикстанга тиешелүү кылып көрсөтүп, чоң билдирүү жасаган. БУУнун трибунасынан! Ошол баяндама жасалганына дагы үч-төрт күндөн кийин туура бир жыл болот.
Бүгүнкү күнгө чейин тажик тарап ушул позициясында туруп келишүүдө. Ошондуктан, Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү аларга тарыхый документтерге таянып «ушундай позицияңарда тура берсеңер, анда бизде айтып чыкчу, көтөрүп чыкчу документтер бар» деген жооп болду. Мен аны коңшу мамлекеттин бийлик өкүлдөрү туура түшүнүп, Кыргызстандын өкмөтүнүн билдирүүсүнө макул болушу керек деп ойлойм. Кыргыз өкмөтү дүйнө жүзүнө жарыя кылды. Кыргыз мамлекети кандай чатак болбосун саясий жана дипломатиялык жол менен чечели деген. Мына, ушул принципке туруп, коңшу мамлекетти ортодогу талаш-тартышты саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырып, сүйлөшүүлөрдү ушул багытта алып кетүү керек.
Булак: sayasat.kg