7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Алма, жүзүм, лимон». Баткендеги чек аралардан 4 контрабанда аныкталды

556

Баткен облусунун Кадамжай районундагы мамлекеттик чек араны кечип өтүп бара жаткан 1996-жылы туулган Э.К. аттуу кыргыз жараны кармалды. Ал “Mercedes-Benz Sprinter” автоунаасына жүктөлгөн 3 тонна жүзүмдү Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүнү көздөгөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кийинчерээк Баткен облусундагы Күнбатыш тилкесинде Тажикстандын аймагынан Кыргызстанга алынып келинген жүзүмдү жүктөп жаткан жеринен кыргыз жараны Р.Б.  аттуу жаран кармалган.

Ошондой эле Баткен районунун Кызыл-Кыяк тилкесинде  кыргыз жараны Р.С.нын башкаруусундагы “Mercedes-Benz Sprinter”  үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, Сох анклавынан Кыргызстанга 4 миң 500 килограм лимон алып кирүүгө аракет кылып жатканы аныкталган.

Ал эми 24-октябрда Баткен районуна караштуу Үч-дөбө айылында “КамАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалып, айдоочусу из жашырып кеткен. Текшерүү учурунда жүк ташуучу унаанын ичинен 20 тонна алма табылган.

Жогорудагы мыйзам бузуулар катталып, кармалган айдоочулар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

557