7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алманбет Анапияевдин бир тууганы кармалды

540

Уюшкан кылмыштуу топтун маркум мүчөсү Алманбет Анапияевдин бир тууганы кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ал А.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, «ДСШ» маркасындагы көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 кг көмүрдүн баасы 1,6 сомдон) сатууга убада берген. Андан соң, алдоо жолу менен 100 миң АКШ долларын алып кеткен жана ар кандай шылтоолор менен мурда алган акчасын кайтаруудан баш тарткан.

Аталган жаран 2-июлда кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабырлануучу тараптар болсо УКМКга 0312 660475, 0312 626504, 0322 70009, 0997 464603 (WhatsApp) телефондору аркылуу кайрылыңыз.

541