7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алматы аэропортунда 780 миллион долларга жаңы терминал курулабы?

600

Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, Эл аралык каржы корпорациясы, Германиялык инвестициялык корпорация (DEG) жана орус-казак Евразия өнүктүрүү банкы Алматы аэропортундагы эл аралык жаңы терминалдын курулушу үчүн жүз миллиондогон доллар бөлөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, инвестициялык программанын жалпы наркы 780 миллион доллар турат. Каражат TAV Airports түрк холдинги жетектеген консорциумга берилет.

Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын билдирүүсүндө ушул тапта каржылоо шарттары жөнүндө келишимге кол коюлганы айтылат.

Эске салсак, Алматы аэропорту – Казакстандагы эң ири аба майдандарынын бири. Негизги жүргүнчү терминалы 2004-жылы мамлекеттин каражатына курулган. Ал 1999-жылы өрттөнүп кеткен эски имараттын ордуна салынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601