Бүгүн, 2-август Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңыдан дайындалган Алмаз Мамбетов, жамаатка тааныштырылып, ишке киришти. Бул тууралуу жергиликтүү журналисттер түз эфирде жыйынды чагылдырды.
Ал эми мурдагы мэр, Таалайбек Сарыбашев Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалаары айтылууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясындагы мэрди тааныштыруу иш чарасында айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлачуу. Бул ирет, бийлик мэрдин милдетин аткаруучу деп дайындоодо. Аны шаардык кеңеш колдойбу же башка талапкер чыгарабы азырынча туңгуюк.
Бир катар талаш-тартыштан улам, Ош шаардык кеңеши биринчи сессиясына чогула элек. Бишкек шаардык кеңеши биринчи сессиясын өткөрүп, спикерликке Куванычбек Конгантевди шайлады.
Алмаз Мамбетов 45 жашта,
- 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри,
- 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы,
- 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.
Таалайбек Сарыбашев 50 жашта.
- 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келди,
- 2015-2018 Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү,
- 2012-2015-Ош облусунун Алай районунун акими болуп иштеген.