«Президент экөөбүздү ар түрдүү жалган-жалаа менен каралап жүргөндөр бар», — дейт УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Мындай пикирин ал өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган.
Анын айтымында, социалдык тармактарга Ташиевди кимдир бирөөлөрдөн акча алган деген таризде тизме жарыялашкан.
«Урматтуу мекендештер! Президент экөөбүздү ар түрдүү жалган-жалаа менен каралап жазып, күнөөлөргө батып жүргөндөр бар. Менин балдарым, инилерим жөнүндө толгон-токой болбогон нерселерди жазышып, элди ишендиребиз деген арам ойлору менен жүрүшөт. Эми минтип, мен кимдир бирөөлөрдөн акча алган деген тизме чыгарышкан. Эч кимден эч кандай акча мен албаймын, биздин атыбызды жамынып акча алып, талап кылган бир нече кылмыштуу топторду колго түшүрдүк жана алар мыйзамдуу жазасын алышат. Эгерде бир эле адамдан акча алсам, анда ал адамдардын тууган уругу, жакындары билмек жана айтып чыгышмак. Биздин бардык иш аракеттерибиз мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн жумшалат. Буюруса Кыргызстаныбызды гүлдөгөн жана тең ата мамлекеттердин катарына кошобуз!», — дейт ал.