7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мээрим Жуманазарова бүгүн алгачкы атаандашы менен күч сынашат

1022

Кечээ, 1-августта Токио шаарындагы Макухари Мессе Борборунда олимпиада оюндарында күрөш боюнча эртең, 2-августта килемге чыга турган кыргыз балбандары Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбековдордун алгачкы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Токио шаарынан Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Анын маалыматына караганда, алар бүгүн, 2-августта Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө килемге чыгып, алгачкы атаандаштары менен күч сынашат.

77 кг салмакта Акжол Махмудов 1/8 финалда Тунис өлкөсүнүн өкүлү менен күч сынашат.

Махмудов Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси, Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Кыргызстандын эл аралык спорт чебери. 2018-жылы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси болгон.

Ал эми 97 кг салмакта Азия чемпиону Үзүр Жузупбеков 1/8 финалда армениялык, олимпиада чемпиону Артур Алексанян менен алгачкы беттешүүгө чыгат.

Азия чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, эл аралык спорт чебери Үзүр Жузупбеков 1996-жылы 12-апрелде Талас облусунун Талас районунун, Жон-Арык айылында төрөлгөн.

2-августта 68 кг салмакта Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда болгариялык Мими Христова менен күрөшөт.

Азия чемпиону, дүйнө кубогунун ээси Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна 1999-жылы 9- ноябрда Талас облусунда туулган. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык деңгээлде спорт чебери болуп саналат.

Аны олимпиадалык оюндарга даярдаган устаттары, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучулар Дүйшөн Жуманазаров менен Нурбек Изабековдор.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1023