7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмазбек Барыктабасов: «Кумтөр» үчүн өткөн жыл ийгиликтүү болду

405

«Кумтөр голд компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Кумтөр кен жайынын жетекчилиги жана жалпы кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.

Анда компаниянын 2023-жылдагы өндүрүштүк жыйынтыктары, алдыга коюлган пландары тууралуу сөз болду.

Барыктабасов «Кумтөр голд компани» үчүн өткөн жыл ийгиликтүү болгонун айтып, Кумтөрдөгү иш ыргагын бир калыпта кармап, күнү-түнү тынбай иштеп жаткан кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле, компания жетекчиси Кумтөр кен жайындагы жер астынан алтын казуу долбоору тууралуу да кенен маалымат берип, бул ыкма алтын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жардам берээрин кошумчалады.

Жолугушуу жүрүшүндө Кумтөр кен жайынын кызматкерлери «Кумтөр голд компанинин» жетекчисине кызыккан суроолорун берип, аларга ар тараптуу жооп да ала алды.

406