7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмазбек Бейшеналиев 1,5 млн сомго айыпка жыгылды

410

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 1,5 млн сомго айыпка жыгылды. Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Экс-министр «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыптуу деп табылган. Айып пулдан тышкары, мурунку министр мамлекеттик кызматта үч жылга чейин иштөө укугунан ажыратылган.

Бейшеналиев райондук соттун 22-апрелде чыккан чечими менен макул болбой кийинки инстанцияга кайрылган. Бишкек шаардык соту 1-июлда ишти карап, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган.

Эске салсак, Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын бирине чет элдик студенттерди кабыл алуу үчүн 110 миң доллар пара алган деп 2022-жылдын сентябрында кармалган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

411