7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Альпинист Наталья Наговицина түбөлүккө тоодо калат

241

Жеңиш чокусунан бутун сындырып алган россиялык альпинист Наталья Наговицина түбөлүккө тоодо кала турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Россиянын альпинизм федерациясынын вице-президенти Александр Пятницын RT телеканалына берген маегинде билдиргенин Коммерсант жазды.

Анын айтымында, Жеңиш чокусун багындыруу тарыхында бир дагы альпинист аман-эсен куткарылып же сөөгү түшүрүлгөн учур катталган эмес.

Сөөктү эвакуациялоо өтө татаал жана кымбат операцияны талап кылып, жүз миңдеген долларга чыгат. Учурда чокуга чыгуу сезону аяктаган, ал жерде 30дан 50гө чейин каза болгон альпинисттин сөөгү калган.

Наговицина чокуга чыгууга расмий уруксат албай туруп, турист катары көтөрүлгөн. Үч гид анын даярдыгы жетишсиз болгондуктан коштоодон баш тарткан.

Эске салсак, 12-августта ал тоодон түшүп келе жатып бутун сындырып алган. Андан кийин башка альпинисттер ага тамак-аш жана жабдууларды калтырып, жардам берүүгө аракет кылышкан. 23-августта тик учак жөнөтүлгөнү менен, аба ырайынын начардыгынан улам куткаруу иштери үзгүлтүккө учураган. 27-августта дрондордон анын аман экенин көрсөткөн белгилер байкалган эмес.

Беларус альпинисти Артем Ценцевицкийдин айтымында, өткөн жылы Наговицина жетишсиз даярдыктан улам экспедицияга кошулган эмес. Ал Жеңиш чокусунун өзгөчөлүгү катары аба ырайынын кескин катаалдыгын белгилеген.

Күн мурун “Аксай-Трэвел” туристтик агенттиги да тажрыйбалуу альпинисттердин кеңешмесинин жыйынтыгына таянып, Наговицинаны куткаруу мүмкүн эместигин билдирген.

 

242