7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Алтын балалык” борборунда аймактардан 1600гө жакын бала эс алат

629

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо реабилитациялык борборунда аймактардан келген окуучулардын эс алуусу уюштурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы менен биргеликте балдардын ден соолугун чыңдоо менен бош убактысын өткөрүүнү пландаштырган. Буга министрликтин багыты боюнча 1585 бала эс алууга барат.

Биринчи агым менен 10-июндан 24-июнга чейин “Алтын балалык” борборунда 800 бала жана аларды коштоп жүргөн адамдар үчүн жатакана, тамак-аш, оюн-зоок программалары, ар кандай ийримдерде билим алуу камсыз кылынат.

 

630