7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Алтын тамга»: Быйыл 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат

684

Кыргызстанда быйылкы окуу жылында «Алтын тамга» мамлекеттик аттестацияcынын жыйынтыгы менен 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Анын ичинен 68 окуучу Бишкек шаарынан, 20 окуучу Чүй облусунан, 17 окуучу Ош облусунан, 9у Жалал-Абад облусунан, дагы 9у Баткен облусунан, 8 окуучу Талас облусунан, 6 окуучу Ысык-Көл облусунан, 6 окуучу Нарын облусунан, дагы 6 окуучу Ош шаарынан. Тест жүргүзүү 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты.

«Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча өттү. Тестирлөө жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен өздөштүргөн, артыкчылык документине талапкер болгон 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат. Тестти өткөрүүнүн максаты окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоо жүргүзүү, мектептеги билим берүүнү, стандартты жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп эсептелет.

685