7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алымкадыр Бейшеналиев коомчулуктун колдоосуна муктаж болуп жатканын айтты

1060

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коомчулуктун колдоосуна муктаж болуп жатканын айтты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымат жарыялады.

«Саламаттыкты сактоо тармагын дээрлик монополиялаштырып алгандар системаны реформалоого караманча каршы чыгып жатышат. Ал эми көзөмөл жана сот органдары калктын ден соолугуна кедергесин тийгизчү маселелерде адилетсиздигин көрсөтүүдө. Мындан улам мен – саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коомчулуктун колдоосуна муктаж болуп жатканымы расмий түрдө жарыялайм. COVID-19 апаатынан калкты куткарууда саламаттык сактоо системасы канчалык деңгээлде жан кейитерлик абалга түшүп калганын жон терибиз менен сездик. Бул апаат али да болсо “Стелс-Омикрон” сыяктуу жаңы штаммдары менен кезектеги соккуга даярданып жатканы ойлондурбай койбойт. Мындай коркунучтарга Саламаттык сактоо министрлиги даяр турушу керек. Анткени «доктор Исманкуловдун клиникасы» сыяктуу монополиялык мекемелер апааттан элди куткара албайт!

Биз бир гана коронавирус эмес, эл арасында өнөкөт көйгөйгө айланган жүрөк-кан тамыр ооруларын, неврологиялык дарттарды дарылоочу заманбап бейтапканаларды түзүүгө ынтызарбыз. Мында адилеттүү чечимдери менен колдоонун ордуна көзөмөл жана сот органдары тескерисинче нигилизм тарапты жактоодо. Муниципалдык менчиктин башында турган мэриянын чечимдерин көзгө илбей, саламаттык сактоо тармагына таандык болгон мекемени бошотпой жаткан көз доктур Исманкулов мыйзамдарды аттап, сот органдарынан чындыкты күтүп жаткан кербези. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги жалпы элдин ден соолугуна маанилүү баалуулугун коротуп жатат – бул убакыт. Ооба, ар бир мүнөт, секунд мен баштаган реформаны ишке ашырууда маанилүү. Мындан улам коомчулукка кайрылууну туура көрдүм. Элдин саламаттыгын сактоодогу өнүгүүлөр маанилүүбү же монополиялашкан, калктын капчыгын жеке Исманкулов сыяктуулардын кызыкчылыктары үчүн каккан медицина маанилүүбү? Бул жагдайда сиздердин тандооңуздарды сиздердин колдооңуздар аркылуу күтөм»,- деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1061