Бишкекте 3-апрелде велосипед тебүү сезонунун ачылышы менен жарыш өткөрүлөт. Сезондун ачылышын борбор калаанын мэриясы “Вело friends позитив kg” коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаардык кеңешинин көмөгү менен уюштурууда.
Маалыматка ылайык, Веложарыш өткөндүгүнө байланыштуу шаардын айрым көчөлөрү жабыларын мэриядан кабарлашты.
Аалы Токомбаев көчөсүнүн түштүк тарабы (Түштүк магистраль) Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан тарта Нуркамал көчөсүнө чейин жана Нуркамал көчөсүнөн Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин убактылуу чектөөлөр киргизилет.
«Баарыныздарды дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган “Сергек жашоо – дени сак муун” ураанын алдында веложүрүшкө чакырабыз»,-деп берилет билдирүүдө.