7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Америкалык ырчы Селена Гомес тууралуу 20 факты

557

Америкалык актриса, ырчы Селена Гомес 1992-жылы 22-июлда американын Техас штатында туулган. Селенанын карьерасы кичинекей кезинде балдарга арналган «Барни жана анын достору» (2002-2004) сериалына тартылгандан кийин башталган.

Бүгүнкү күндө ал дүйнө жүзүндө таанымал жана жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон атактуу айым. Бул макалада Селена Гомес тууралуу фактыларды айтып беребиз.

1. «Селена» грек тилинен которгондо «Ай» дегенди билдирет.
2. Анын аты мексикалык популярдуу ырчы Селена Перестин урматына коюлган.
3. Селена Гоместин эң жакшы көргөн түсү жашыл. Бул тууралуу ал интервьюларынын биринде айткан.
4. Апасы аны 16 жашында төрөгөн.
5. Селена биринчи жолу телевидениеге 7 жашында чыккан.
6. Селена Гоместин өзүнүн кийим линиясы бар.
7. Ал ЮНИСЕФ кайрымдуулук уюмунун элчиси. Бул наамды 17 жашында алган ал ЮНИСЕФтин бул уюмга кирген эң жаш мүчөсү болуп саналган.
8. Мультфильмдерде ар кандай каармандардын үнүн коштойт.
9. Селена Гомес жаныбарларды абдан жакшы көрөт. Алардын ичинен көбүнчө итти жактырат. Анын алты ити бар.
10. Ал үнүн бир калыпта алып жүрүү үчүн күн сайын аз өлчөмдө зайтун майын ичет.
11. Selena деген атырларды чыгарган компаниясы бар.
12. Кинодо ал коркунучтуу жанрды жактырат.
13. Селена Гомес бир нече жыл Джастин Бибер менен сүйлөшүп жүргөн. Аларды элдер эң мыкты жубайлар деп эсептешкен.
14. Толук аты-жөнү Селена Мари Гомес (англ. Selena Marie Gomez).
15. Сүйүктүү тамагы — пицца.
16. 2011-жылдын 10-июнунда биринчи жолу ден-соолугунун көйгөйлөрү тууралуу белгилүү болгон. Ал башы катуу ооруп, көңүлү айланып ооруканага жаткырылган.
17. Ал күн сайын көп адамдар менен жолукканда абдан толкунданат. Бирок,аны жашырууга аракет кылат.
18. Азыркы күнгө чейин Джастин Биберди сүйүп , ошол себептен турмушка чыкпай жүргөндүгү айтылып келет.
19. Селена Гомес “Волчонок” оорусу менен ооруйт. Франсия Райса деген курбу кызы Селенага донор болгон. Ал өзүнүн бир бөйрөгүн дос кызын сактап калуу үчүн берген.
20. Ар дайым Джесси деген өзүнүн кароолчусу менен жүрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

558