2010-жылдагы Апрель жана июнь окуяларына чекит коюлчу учур келди!
Конституциялык сот мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата козголгон кылмыш иштерин кайра кароо боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Бул чечим коомдо ар кандай пикир жаратып жатат. Бирок муну — чындыкты ачык териштирүүгө жол ачкан кадам катары карасак, туура болот.
Апрель окуясында 80ден ашык жарандын өмүрү кыйылды. Канчалаган адамдар майыптык алышты… Бул окуялар азыркы эгемен тарыхыбызда жууса кетпес кара так болуп жазылып калды. Бирок ушул күнгө чейин элди чынында кимдер атууга буйрук кылганы боюнча талаштар токтобой келе жатат: «Бакиев өзү атты» дегендер да, «Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү артынан атты» дегендер да жок эмес. Бул суроолорго так жооп берчү убакыт келди. Мисалы, айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн: “бийликти алыш үчүн анча-мынча адамдардын каны төгүлө турган болсо, эч нерсе болбойт”- таризинде сүйлөгөндөрүн өз ара урушуп кетишкенде, айтып алышкан. Экинчи жагынан, Курманбек Бакиев дагы маегинде: “мага тагылып жаткан айыптоолор боюнча көрсөтмө берүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок, адилет жана ачык сот болсо катышып, актыгымды далилдеп бере алам”- деп айтканы бар.
Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенден кийин, алардан калган байлыктар — Максимдин үйүнөн тонналаган алтындар чыкканы, накталай акчалар жана банк ячейкаларынан жоголгон миллиондор тууралуу да көп имиш сөз айтылды. Ал учурдагы саясий күчтөр — айрыкча “Ата Мекен” партиясынын Текебаев, Мадылбеков ж.б айрым лидерлери талап-тoногон деген маалыматтар да коомдо жүрөт. Бекеринен Текебаевди мародерчулукка айыптап чыгышпаса керек? Айтор, суроолор көп!
Ошондой эле Ош жана Жалал-Абаддагы июнь коогалаңына да Убактылуу өкмөттүн тийешеси бар экени айтылып келет. Бирок бул боюнча да эч ким жоопко тартылган жок. Кадыржан Батыров менен мамиле түзгөндөр азыр элчи болуп жүрүшөт!
Менин жеке пикиримде: Бакиевдин өзүн алып келип, ачык сотто чыгып, көрсөтмө берүүгө шарт түзүш керек! Аны менен катар Убактылуу өкмөттүн ошол кездеги мүчөлөрүн да ошол эле сот залында бетме-бет отургузуп, чындыкты элге көрсөтүш керек.
Ким күнөөлүү — ошол жооп берсин. Бакиев болсо да, Убактылуу өкмөт болсо да. Себеби элдин каны төгүлгөн, мүлкү тонолгон, мамлекет кыянаттык көргөн.
Бакиевди алып келип соттойбуз деген мүмкүнчүлүк түзүлсө, эң ириде ага ошол убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “оо, давай алып келип соттоп, жазага тарткыла”- деп сүйүнүш керек эле. Негедир алар, “жок келбесин, ошол жакта эле жүрө берсин”-деп каршы болуп жатышат. Кызык, келсе бир сырлар ачылып калабы? Же эмнеден коркуп жатышат?
А сиздин оюңуз кандай, замандаш? Комментарий калтырыңыз…