7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Англияга виза алууга жардам берем деп алдап кеткен жаран кармалды

803

Каракол шаарында Англияга виза алууга жардам берем деп алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын 54 жаштагы тургуну кайрылган. Ал белгисиз адам Англияга виза алууга жардам берем деген жүйөө менен 39 миң рубль алып, андан кийин качып кеткендигин билдирген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ак-Суу районунун Тепке айылынын 43 жаштагы тургуну кармалды. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта шектүү күнөсүн толугу менен мойнуна алган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн дагы кошумча эки алдамчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды. Ал бир айга камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

804