Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарында 15-июль – Демократия жана Улуттук Биримдик күнү ири масштабда белгиленди. Бул күн 2016-жылы орун алган аскерий төңкөрүш аракети учурунда эл тарабынан көрсөтүлгөн каршылыктын жана демократияны коргоонун символу катары жыл сайын эскерилип келет.
2025-жылдагы иш-чарага Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган өзү катышып, шейит кеткен жарандарды эскерүү менен кошо демократия үчүн күрөштүн маанисин баса белгиледи. Президент өз сөзүндө Түркия эли 15-июль күнү эркиндикти, улуттук көзкарандысыздыкты жана демократияны канын төгүп коргогонун эскертип, мындай тарыхый окуялар келечек муундар үчүн сабак болушу керектигин айтты.
Салтанаттуу иш-чарага дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн келген белгилүү журналисттер жана жергиликтүү медиа өкүлдөр менен 200 дөй журналист катышты. Эл аралык медиа программанын алкагында Түркиянын акыркы жылдардагы коомдук-саясий процесстери жана медиа саясаты тууралуу да кеңири маалыматтар берилди.
Кыргызстандын журналисттер союзу да бул иш-чарага расмий түрдө катышып, Түркия менен Кыргызстандын медиа тармагындагы кызматташтык байланыштарын чыңдоого салым кошууда.