7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Антальяда «Энелер күнү» жана «Кыргыз айымдары» коомунун 7 жылдыгы белгиленди

231
Анталья шаарында жашаган кыргызстандык мекендештер “Энелер күнүн” жана “Кыргыз айымдары” коомунун негизделгенине 7 жыл толушун бирге белгилешти.
Иш-чара майрамдык маанайда өтүп, ага Түркияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, активист айымдар жана меймандар катышты.Салтанатта коомдун 7 жылдык ишмердүүлүгү, мекендештердин ынтымагын бекемдөөдөгү орду белгиленип, маданий программа тартууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар тарабынан даярдалган концерттик номерлер жана улуттук тамак-аштар коштолгон чакан көргөзмө уюштурулду. “Кыргыз айымдары” коому 2018-жылы Түркиядагы кыргыз аялдарын колдоо, маданиятты жана салт-санааны жайылтуу максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө уюм коомдук иш-чаралардан тышкары, социалдык колдоо жана билим берүү жаатында да бир топ аракеттерди көрүп келет.

 

232