Ырчы айым Анжелика Кайратовна 24-январда үч кызы менен өзүнүн жеке унаасында жол кырсыгына кабылып, төртөө тең оор жаракат алышкан.
Окуя Ысык-Көлдө болуп, Түп районунун ооруканасына жеткирилишкен. Алар учурда ар башка ооруканаларда дарыланып жатышат. Бул тууралуу Анжелика Кайратовна өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
«Үч кызым үч башка ооруканада. Айлиним экөөбүз колубузду бекем кармашып, бири-бирибизге жардам берип жатабыз. Айыманын бели, колу сыздатып ооруп жатат. Кырсыктан кийин белим чачырап кетсе дагы, кыздарымды коркутам деп кыйкыра албалдым. Элиманын көрүп коркуп кеттим, бети башы көгөргөн шишиген болчу. Түптүн ооруканасынан Айлиндин тизеден өйдө балта менен кескендей көрүнүш кызымдын буттары экенине ишене албадым. Силер мен үчүн дале кичинекейсиңер, аман болгулачы алтындарым», — дейт Анжелика.








