Кечээ, 21-мартта Нооруз күнү ырчы айым Анжелика Кайратовна жана кыздары Бишкектеги ресторандардын биринде түлөө өткөрүштү. Анда үйгө бата алуу болгондугунан да кабардар болдук. Бата алууга кимдер келди, төмөндө каалоо-тилектери менен бирге окуңуз…
Ырчы Гүлнур Асанова: «Анжелика эң негизгиси үй-бүлөң менен түгөл бол. Жакшы күндөрүң менен тең ортоктош болуп жүрөлү. Бүгүнкү жакындарыңдан алган баталар кабыл болсун», — деген жакшы тилеги менен бөлүштү.
Ырчы Айпери Кубик кызы: «Ассаламу алейкум. Бүгүн Анжеликанын үй-бүлөсүнүн түлөө, үй тоюнда коноктобуз. Анжелика Кайратовна сизге үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Кыздарыңыздын багын берсин. Эң башкысы канча деген сыноо болсо да, Аллах сабырдуулук, ден соолук, аманчылык, эки дүйнө бактылуулугун насип этсин. Мындан ары жалаң жакшылыктар болсун», — деп жазган.
Продюсер Назира Бактыбекова: «21-кылымдын 21-жылынын 21-күнүндө Нооруз майрамда кыргыздын кымча бел, ажарлуу, эмгекчил сулуу кыздары Анжелика Кайратовна жана кыздарына арналган түлөөсүнө келдик. Кабыл болсун»
Кичинекей юморист Бекболот Турдушев: «Бүгүн Соң-Көл ресторанында Анжелика эжемдин жана анын кыздары Айыма, Элима, айлин эжелеримдин түлөө өткөрүп жатышат. Тез сакайып кетиңиздер, мындан кийин башыңыздарга оору-сыркоо келбесин. Бактылуу болуңуздар», — деген каалоо-тилегин калтырган.
Белгилей кетсек, Анжелика Кайратовна жана анын кыздары Айыма, Элима жана Айлин Ысык-Көлгө бара жатып жол кырсыгына кабылышкан. Алар реанимацияда жатып чыгышкан. Учурда абалдары канааттандыраарлык.