Бириккен Улуттар Уюмунун бяндамасына ылайык, коронавирус пандемиясы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө катуу сокку болду. Пандемиядан улам 120 миллиондон ашуун киши кайрадан жакырчылыкка батат деген кооптонуулар бар.
Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиги көйгөйлөрдү чечүү үчүн алгач вакцинаны туура бөлүштүрүү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карызын жеңилдетүү абдан маанилүү экенин эскертти.
«Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча агенттиги глобалдык экономика калыбына келет деп ойлойт. Бирок мурдагы өсүү деңгээлин эске алганда, пандемиядан улам 2021-жылы глобалдык экономиканын өсүү темпи беш пайызга төмөн болот. Глобалдык экономиканын жандануусу Кытай менен АКШнын көрсөткүчтөрүнө негизделген. Башкача айтканда, дүйнөнүн эң чоң эки экономикасы жанданып жатканы менен, абал дагы деле курч бойдон», -деди БУУнун баяндамасын даярдаган эксперттердин бири, экономика боюнча профессор Нелсон Барбоса.
Пандемия учурунда глобалдык соода солгундагандыктан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бай менен кедейлердин ортосундагы ажырым андан ары кеңейди.
Ал эми дүйнөдөгү эң бай саналган бир пайыз, андан ары байымакчы.