7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анжелика шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышына нааразы

1277

Ырчы айым Анжелика Кайратовна Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышына нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

«Талашып, тартышпай иштечүлөрдү бекитип коюшса болмок. Кайра Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды тандоого канчалаган акча кетет. Балким, акчалуулардын кызыкчылыгы оюнга айланып баштады. Биз кандай иштесек, ошондой иштей беребиз. Оюбуз, ниетибиз таза.

Шайлоону добуш сатып алгандар үчүн жокко чыгарышты. Элге дагы акчаңарды таратып, өткөн соң, талашып, тартышып, бириңди-бириң чукуп отуруп “алтын балык” жомогундагыдай сынык дагарага туш келип калдыңар окшойт. Орозо айы бардыгын ордуна койду көрүнөт.

Биздин “Наш народ” — “Биздин Эл” саясий партиябызга добуш сатып алуу боюнча бир дагы арыз түшкөн жок.

Буйруса, келечегибиз кең. Элдин гана ишеними бизди колдоп берди. Биз үчүн кыялыбыздагыдай жыйынтык болду. Байкашымча көбү депутат болууну каалагандар, тууган уругуна, теңтуштарына авторитетин көрсөтүп, депутат болгон деген жазууну биографиясына калтыруу экен. Иштеп, күндө эл менен байланышта болуп, суранычтарына иштейин дегендер абдан аз», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Анжелика Кайратовна 11-апрелде болуп өткөн шайлоодо «Биздин Эл» партиясы менен аттанган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1278