7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Казакстандын башчылары өзгөлөрдөн өзгөчө жандуу куттукташты

636

Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташып, эки өлкөнүн элдерине тынчтык, өсүп-өнүгүү жана бакубатчылык каалашты.

Ошону менен бирге кыргыз-казак эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын актуалдуу багыттары, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялар талкууланды. Ал эми Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге кырдаалга көңүл бургандыгы, кайрат айтып колдоо көрсөткөндүгү, ошондой эле Баткен облусундагы чек арага танапташ айылдардын тургундарына гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы учурда күн тартибинде турган маселелердин бардык спектри боюнча биргелешип аракет көрүүнү арттырууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637