7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

#Беткап_так! Бир суткада 329 адамдан илдет аныкталып, 6 бейтап каза болду

843

Кыргызстанда 13-майга карата коронавирус дагы 329 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 205, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 75, Ош облусунда — 3, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 309 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 176, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 86, Ош облусунда – 9, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 24, Баткен облусунда – 4 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду. Акыркы сутка ичинде 5 319 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 750 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 489 адам дарыланууда. Алардын ичинен 13 адам канааттандырарлык абалда, 1 миң 187 бейтаптын абалы орто оордукта, 468 адамдын абалы оор жана 82 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми сутка ичинде стационардан 3, үй карантининен 6 медик чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 523 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 455 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 645 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 718 киши айыгып чыкса, 1 миң 681 адам каза болду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

844