Кечээ, 12-майда Абдышүкүр ажы Нарматовдун апасы дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Максат ажы Токтомушев өзүнүн Instagram баракчасына жазып, устазга көңүл айтты.
«Абдышүкүр ажы Нарматов устазыбыздын жашоосунда өтө чоң жоготуу болду, бапестеп багып, ак бешикке бөлөп чоңойткон апасы бул дүйнөдөн, гүлдесте өрүк заар, ахиреттик түбөлүктүү жаннатка сапар алды, бул өзгөчө күнү.
«Эненин таманы Бейиш» демекчи бул дүйнөдөн бейишин жоготуу бул чоң кайгы, ар бир инсан үчүн.
Эненин батасы, насааты кандай зор мааниге ээ адам баласы үчүн.
Мындай инсанды элге кызмат кылсын деп төрөп, чоңойтуп, тарбиясын берген Апабызга ак жол каалайбыз. Эне деген ушундай болот экен, кандай ыйык, керемет күндү тандап алып кетти Кудайым. Абдышүкүр ажы устазыбызга кайрат, сабырдуулук берсин Жаратканым, Апабыздын арты кайрылуу болсун, барган жери Жаннаттын төрү болсун!», — деп жазат ажы.