7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арабаев атындагы окуу жайдын имаратын мыйзамсыз ижарага берилиши боюнча кылмыш иши козголду

737

Ишеналы Арабаев атындагы университеттин жооптуу кызмат адамдары окуу жайга караштуу мамлекеттик имараттарды жана жер участокторун мыйзамсыз ижарага беришкен.

Башкы прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду.

«Текшерүүдө, И.Арабаев атындагы КМУнун жооптуу кызмат адамдары жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Аукциондук борбор» ММнин мурдагы башчысы С.И. тарабынан 2018-жылдан 2022-жылга чейин аталган окуу жайга караштуу мамлекеттик имараттарды жана жер участокторун эч бир келишим түзбөстөн, өздөрүнө пайда табуу максатында жеке жана юридикалык жактарга ижарага беришип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган»,- деп берилет маалыматта.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

738