Эртең, 13-октябрда саат 9:00дөн 24:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат.
Тактап айтканда, турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Төмөнкү жерлерде суу токтотулат:
•Ала-Арча суусу — темир жол линиясы – Жибек Жолу пр. –Ж. Гвардии бульвары;
•Ж. Гвардии бульвары — темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси.