Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Т.С.Н.” фирмасынын директору 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси Б.А.Б.га карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
«Аталган фирма 120 000 сомдук тендерди утуп алган, бирок иш аяктагандан кийин Б.А.Б. аталган компанияга каражаттарды которууну кечеңдетүү максатында жасалма кыйынчылыктарды түзө баштаганы аныкталган. Ошол эле учурда бул кырдаалды чечүү жолу катары тендердик сумманын жарымын түзгөн 60 000 сом акча каражатын талап кылган. 22-ноябрда 60 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Аламүдүн районунун Арашан айылынын башчысы Б.А.Б. кармалды»,-деп берилет маалыматта.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.