7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Араван районунун айыл өкмөт башчысы кармалды

685

Араван районунун Тепе-Коргон айылынын башчысы убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Араван районунун мамлекеттик мекемелериндеги жооптуу жана жогорку кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 14-февралында Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М.А. башка кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, жер участогун «Сугат айдоо жерлери» категориясынан «Жеке турак жай куруу» категориясына которуу жөнүндө токтом чыгаргандыгы аныкталган, ал үчүн өз кезегинде «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген»- деп берилет билдирүүдө.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, жеке менчикке алынган жер тилкелеринин баасы 7,7 млн сомду түзгөндүгү аныкталган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686