7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арген Биймырза уулу: Устатыбызды эскерүүгө 5 акынды Асылбек Маратов катыштырбай жатат

1179

Төкмө акын Арген Биймырза уулу инстаграмдагы баракчасына Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертине 5 акынды катыштырбай жаткандыгын айтып билдирүү жазды.

“17-январь улуу устатым Элмирбек Иманалиевдин туулган күнү. Бул күнү устатымды эскерип, ичке толгон сагыныч, кусалыгыбызды аз да болсо таркатып алчу элек. Ичибиздеги бөксө жерди эч нерсе толтура албайт болгону бир аз каниет кылып калчубуз.
Бул ирет дагы устатымды эскерүү концерти өтөт. Бирок бул жолу Акматбек Султан уулу, Изат Айдаркулова, Нурайым Бактияр кызы, Аккыз Абасбекова жана мен Арген Биймырза уулу тилекке каршы катышпай калдык.
Мындай нерсе Асылбек Маратов жана анын айланасындагылардын чечими.
Биз бешөөбүз концертке катышуу үчүн бардык, бирок алардын ушундай чечим чыгарганын угуп, мындан улам элге ачык айтып койгонду туура көрдүк.
Биз кайда жүрсөк дагы Элмирбектин шакирттерибиз, устатыбыздын атына так түшүрбөйбүз. “Элмирбектин шакирти” деген аттын жоопкерчилиги чоң экендигин өмүр бою ыйык сезебиз!”,- дейт Арген Биймырза уулу.

Белгилей кетсек, ар жылы 17-январда КРнын эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертин шакирттери жыл сайын өткөрүп келет.

1180