7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин кызматкери кармалды

588

Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 18-январында КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертизанын директору М.У.Ж. кармалды.

Кармалган М.У.Ж. Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп турганда материалдык пайда алуу максатында ал подрядчы “Дос-строй” үчүн акча каражаттарын которууну кечиктирүү, ошондой эле аткарылган иштердин көлөмүн кабыл алуудан баш тартуу түрүндө жасалма тоскоолдуктарды жараткан. Анын мындай аракеттери “Дос-Строй” ЖЧКсын өзүнө тиешелүү болгон “Болот уста” ЖЧКсы менен субподрядчы түзүүгө жол ачып бергендиги аныкталган.

Өз кезегинде, Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына 3 миллион сомдон ашык акча каражаты пара түрүндө “Болот уста” ЖЧКсы тараптан эмгек акы төлөнгөн. Ошону менен бирге, социалдык объектини тапшыруунун мөөнөттөрү бир топ кечиктиргендигине байланыштуу, Беловодское айылдагы орто мектептин курулуш иштеринин көлөмү бүтпөй калган.

Аудиттин корутундусуна ылайык, бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен 4 миллион 500 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

589