7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арстан Алай табылды, ал УКМКнын тергөө абагында

674

Буга чейин “Кышты жоюп койдум” деген Арстан Алай дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жаткан.

УКМКнын маалыматына караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин «Диний кастыкты козутуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Кылмыш ишин козгоого Абдылдаевдин Facebooк, Instagram жана YouTube социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон.

Чүй облусунда жашаган жеринде тинтүү жана лекцияларды (мантра деп аталган) өткөрүүнүн натыйжасында көп сандагы адабияттар, атап айтканда китептер, брошюралар жана дептерлер алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Абдылдаев УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Буга чейин Свердлов РИИБине анын уулу кайрылып, атасы Арстанбек Абдылдаев 13-декабрда саат 8:30да чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

 

 

675