Бүгүн, 5-январда Арстан Алай каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирди.
Анын жактоочусу Самарбек Болотбеков Арстан Алай СИЗО-1ден №31 түзөтүү мекемесине өз эрки менен которулганын билдирди.
«Ал 27-декабрда СИЗО-1ден №31 дарылоо мекемесине которулган. Мен жолугушууга барып, жолуга алган эмесмин. Ага чейинки жолугушууда өз эрки менен №31 дарылоо мекемесине которуларын айткан. Мен тактап сурагам. Ал башы ооруп жатканын айткан. Башынын оорусун кызматкерлерге да айтканын билдирген. Ошондон улам которууну чечишкен. Туугандары сөөктү 1-2 саат мурда алып кетишти. ЖАК тергөө иштерин жүргүзөт. Ошонун жыйынтыгы жана жакындарынын айтымы менен кийинки кадамыбыз аныкталат», — деди жактоочусу.