7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖАК Арстан Алайдын сөөгү асылган абалда табылганын билдирди

633

Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү 5-январда эртең менен атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

«28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу А. Абдылдаев «Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация» деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген. Аталган мекемеге келгенден кийин, 29-декабрда айыпталуучунун мезгил-мезгили менен жүрөгү ооруп, башы ооруп, кулагы шуулдап, ашказаны ооруп (тамактангандан кийин), тез-тез чарчап калганына арызданып, дарыгерлердин дарегине кайрылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган: «такталбаган психотикалык инсандык бузулуу (?). Коронардык жүрөк оорусу (КБС). Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору» жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана РПСБнын шартында врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

5-январда 04:52 чамасында айыпталуучу А. Абдылдаев ЖАКтын дарылоо мекемесинин Ашкана бөлүмүнө кирип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин (болжол менен саат 05:15те) асылган абалда табылган. Жансыз денени алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факт  АМСнын МЭАЖге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды», — деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, айыпталуучу А.Абдылдаев 15-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча  Тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.

16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту ага карата Бишкек шаарынын №1-тергөө абагында (16-декабрь, 2023-жыл, 15-январь, 2024-жыл) камакка алуу баш коргоо чарасын колдонгон.

634