
Президенттик шайлоого талапкер болуп жаткан Арстанбек Абдылдаев 47 миң 998 кол топтоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзамга ылайык, бүгүн саат 23:59га чейин президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес кол чогултуп БШКга тапшырышы керек.
Буга чейин:
Садыр Жапаров – 59 998;
Бабыржан Төлбаев —58 029;
Аймен Касенов —46 270 чогултулган колдорду өткөрүп берген.