7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артем Новиков: Биз, өкмөттүн жаш мүчөлөрү саясий амбициялардын артынан түшпөйлү

142

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков IT, маданият, искусство, спорт жана башка ар кыл тармактагы жаштардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу белгилегендей, бүгүнкү жолугушуу – өлкөнү өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу маселелерин, креативдүү жана прогрессивдүү идеяларды талкуулоо үчүн жакшы аянтча.


«Пандемия учурунда жаштар өз позициясын мыкты көрсөттү. Жалпыбыз бул чакырыкка саламаттык сактоо тутуму даяр эмес экендиги сезилген пандемия учурундагы жаштардын биримдиктүү ишине күбө болдук. Волонтерлор көптөгөн маселелерди чечүүдө олуттуу көмөк көрсөттү, тийиштүү дары-дармектерди жана жабдууларды сатып алып, бейтаптарды ооруканага жеткирип турушту. Октябрь айында өткөн окуялар калктын өзгөрүүлөрдү күтүп жаткандыгынан кабар берет. Биз, Өкмөттүн жаш мүчөлөрү кандайдыр-бир саясий амбициялардын артынан түшпөй, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө умтулабыз. Пандемиядан жана социалдык-саясий окуялардан кийин социалдык-экономикалык туруктуулукту сактоо жана калыбына келтирүү үчүн экономиканын өнүгүүсүн камсыз кылуу максатыбыз бар. Октябрь айындагы окуядан кийин келген жаңы Өкмөт Программада жарыяланган реформаларга басым жасап, аларды жүзөгө ашырууга аракет кылып жатат», — деди Артем Новиков.


Жолугушуу ачык баарлашуу режиминде өттү, анда бардыгы өз ойлорун айтып, мындан ары өнүгүү пландарын талкуулашты.


Жолугушуунун катышуучулары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде ишкердүүлүк, креативдүү экономика жана аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

143