7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

​Артем Новиков: Өлкө эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр

222
Photo by Элмурат Сапарбек

Мамлекет коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

«Өлкөдө  коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу абал кооптуу бойдон калууда. Күн сайын 400-500 ашуун оорунун жаңы учурлары катталууда. Акыркы күндөрү оңдуу динамика байкалууда, бирок биз эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болушубуз керек. Коронавирус илдетинен курман болгондордун санын кыскартуу үчүн колдон келген бардык күч-аракетти жумшоо зарыл. Бейтаптарды ороруканага жаткыруу ыкчам жана кезексиз түрдө ишке ашырылыш керек. Аймактардагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен медициналык мекемелердеги бош орундар, ошондой эле дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын, медициналык жабдуулардын бөлүштүрүлүшү боюнча так графикти даярдоо зарыл. Мындан тышкары, бардык ооруканаларды энергия менен жабдуучу автономдук генераторлор менен камсыздоо зарыл», — деди Артем Новиков.

Күн сайын 400-500 ашуун оорунун жаңы учурлары катталууда. Акыркы күндөрү оңдуу динамика байкалууда, бирок биз эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болушубуз керек

Артур Новиков

Өкмөт башчынын м.а. белгилегендей, өлкөдө дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын жетиштүү саны бар. 
Буга катар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине республиканын аймагындагы медикаменттерге карата бааларды мониторнигдөө жана ооруканаларды тийиштүү жабдуулар жана дары-дармек каражаттары менен жабдуу деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти улантуу тапшырылды.

«COVID-19 дарылоого зарыл болгон дармектерге карата аймактардагы баалар Бишкек шаарындагы баалардан кескин айырмаланбашы тийиш. Даг бир ирет бааларды көзөмөлгө алыңыздар. Зарыл болгон учурда, бааларды турукташтыруу боюнча чараларды кабыл алыңыздар. Бүгүнкү күндө ал үчүн бардык мыйзам рычагдары жетиштүү», — деди ал. 

Артем Новиков эпидемиологиялык абалды турукташтыруу боюнча зарыл чараларды жүргүзүү маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Белгилүү болгондой, алдыда жаңы жылдык майрамдар, андан соң Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо турат. Бул окуялар адамдар ортосундагы байланыштардын жогорулашына алып келет. Ошондуктан COVID-19 илдетине чалдыккан жарандардын саны жогорулашына жол бербөө керек. Саламаттык сактоо тутуму жаңы жылдык майрамдарда жана шайлоо учурунда бейтаптардын санынын көбөйүшү ыктымалдыгына даяр болуусу керек», — деп жыйынтыктады Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кеңешменин жүрүшүндө республиканын ар  бир аймагындагы COVID-19 илдетинин жайылышы боюнча абал тыкыр талкууланып, коронавирустук инфекцияга чалдыккан абалы оор жана өтө оорлошкон бейтаптар менен ишти күчтөндүрүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

223