7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артем Новиков ушул жумада пилоттук тематикалык жарманкелер башталаарын эске салды

161

Артем Новиков ушул жумада пилоттук тематикалык жарманкелер башталаарын эске салды. Бул тууралуу ал жыйында билдирди.

«Бишкек шаарынын эки түйүнүндө, тактап айтканда, Токтоналиев көчөсүндөгү «Globus» жана Горький көчөсүндөгү «Фрунзе» соода тармагынын парк аймагында күнүмдүк керектелүүчү продуктулар дүң баа боюнча сатыкка коюлат. Белгиленген баалар орнотулат. Мисалга, уй эти 370-380 сомдон, он жумуртка 85 сомдон ашык эмес, өсүмдүк майынын баасы 108 сомдон 115 сомго чейин сатылат. Бааларды фиксациялоо үчүн ар бир облустун жетекчиси өндүрүүчүлөр менен продукцияны дүң баа боюнча сатууну камсыздоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү маанилүү. Оңдуу натыйжа берген учурда, мындай тематикалык павильондор ар бир региондо ачылат. Мындан тышкары, Бишкек шаарында ар дем алыш күндөрү айыл чарба продукциясынын жарманкесинин өткөрүлүшүн камсыздоо зарыл. Шаардыктар бул жарманкелерде товарлар кандай баа боюнча коюларын алдын-ала билиши керек. Буга катар облустардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө күндөлүк колдонуулуучу продуктуларды пайдалануусун талдоо жүргүзүү жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги менен биргеликте өндүрүүчү жана импортерлордон республиканын бардык аймактарына дүң баа боюнча түз жеткирүүлөрдү камсыздоосу тапшырылды», — деди ал.


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Тактап айтканда:

  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги менен 400 миң тонна буудай ташып келүү боюнча Меморандум түзүү жана аны ишке ашыруу жана завод-өндүрүүчүлөрдөн түз жеткирүү үчүн меморандумду өсүмдүк майы жана башка продуктуларга жайылтуу маселесин иштеп чыгуусу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте күндөлүк колдонуучу продуктуларды ташууну камсыздоону мониторингдөө үчүн убактылуу пост уюштуруусу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө социалдык маанидеги товарларга күнүмдүк мониторинг жана талдоо жүргүзүп, өзгөрүүлөр орун алган учурда чара көрүүсү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга маалымдоосу:
  • Бишкек шаарынын мэриясына муниципалдык павильондордо сатылуучу социалдык маанидеги товарлардын тизимине (май, жумуртка, ун, эт, анын ичинде куш эти) дүң баа боюнча киргизүүсү тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

162