Бүгүн, 2-январда республиканын негизги ашууларда жол кыймылына эч кандай чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Маалым болгондой, Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда күн ачык, жол ачык.
Каркол–Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда да аба ырайы ачык болуп, каттам бар.
Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн ачык, каттам бар.



