7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскер бөлүктөрүнүн биринде 26 млн сом кымырып алуу фактысы аныкталды

282

Аскер бөлүктөрүнүн биринде 23 млн сом кымырып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринде жүргүзүлгөн текшерүүдө расмий документтерге туура эмес маалыматтарды киргизүү менен аскер кызматчылардын эмгек акысына жана башка төлөмдөргө арналган 23 млн сом акча каражатын ыйгарып алуу фактылары аныкталган.

Ошондой эле автотранспорт каражаттарынын тетиктерин жеткирүүгө төлөнүүчү 3,3 млн сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын да ыйгарып алышканы тастыкталган.

Бул акча каражаттары аскердик кызматка тиешеси жок адамдардын банктык эсептерине которулуп, натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 26,3 млн сом зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык жасалмачылык» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

283